Кечээ, 28-сентябрда кечинде Баткен облусунун Кадамжай районунда Өзбекстандын аскер кызматкери Кыргыз Республикасынын аймагына чек ара тартибин бузуу менен кирип кеткен. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына Чек ара кызматынан билдиришти.
"Ал кыргыз-өзбек чек арасынан өткөндө кыргыз чек арачылары тарабынан колго түшүрүлгөн. Тиешелүү документтер даярдалган соң, ал ошол эле күнү өзбек тарапка кайтарылды. Учурда чек ара тартибин бузуунун себептери тергелүүдө. Өзбек тарап өз кезегинде да тергөө амалдарын жүргүзүүнү баштады",- деп кабарлашты мекемеден.