29-сентябрда окурман Таш-Көмүр шаарында Тойота Алтеза үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай унаасы менен жардан кулап түшкөнүн SUPER.KG'ге WattsApp аркылуу билдирген. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кырсыктан төрт адам жаракат алып, Таш-Көмүр шаардык ооруканасына жеткирилгенин 30-сентябрда маалымдады. Жардан кулап кеткен унааны куткаруучулар КамАЗ унаасынын жардамы менен чыгарышкан.