Жалал-Абадда жерди мыйзамсыз берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Үч-Терек айыл аймагында жерди мыйзамсыз берүү жана топуракты мыйзамсыз кайра иштетүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу 30-сентябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, КРнын жер мыйзамына каршы келгенине карабай жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан "Империя групп" кыш чыгаруучу ишканасына айыл чарбасына керектелүүчү 1,25 жана 2 гектар жер берилген.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жогоруда аталган ишкана берилген жерде уруксат берчү документтерисиз топурак казуу менен алектенип келгенин аныктаган. Натыйжада 476,6 миң сом зыян келтирилген. Факт боюнча "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, "жер мыйзамын бузуу", "мыйзамсыз ишкердик" беренелери менен кылмыш иши козголду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан