Бишкектеги №31-мектептин окуучусу үйүндө мылтык менен өзүнүн башына атып алды. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, 30-сентябрда 14 жашар бала ооруп жатканына байланыштуу окууга бара албай, үйдө жалгыз калган. Үйдө атасынын катылып турган мылтыгын алып, аны менен ойноп жатып өз башына аткан. Кошуналар үндү угуп милицияны чакырышкан. Алар келип баланын жансыз денесин табышкан.
Билим берүү министрлиги мындай кырсыктардын алдын алуу максатында мугалимдерге ата-энелер менен жолугушууда үйдө куралды кантип туура сактоо керектигин түшүндүрүү тапшырмасын берди.