Бүгүн Ош - Бишкек унаа жолунда, Жалал-Абад облусунда жол кырсыгынан улам эки адам каза тапты (аты-жөнү)

Бүгүн, 2-октябрда саат 08:00 чамасында Сузак районунун Атабеков айыл аймагына караштуу Бек-Абад айылында Бишкек-Ош унаа жолунун 572-чакырымында күйүүчү май ташуучу унаа менен Фольксваген Гольф үлгүсүндөгү жеңил унаа кагылышты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 2 адам каза болду жана 1 адам жабыркады. Аны "Тез жардам" кызматынын унаасы Сузак райондук ооруканасына алып кетти.

"Күйүүчү май ташуучу унаада бензин болгон эмес, анын айдоочусу такталууда. Фольксваген Гольф үлгүсүндөгү жеңил унаанын (мамлекеттик номери: S19-57U) айдоочусу 1989-жылы туулган Каримбай Аттокуров Ноокен районунун тургуну экени аныкталды. Ал эми каза болгон жүргүнчүлөр Ноокен районунун тургундары Лачын Аттокуров (1991-жылы туулган) жана Гүлүйпа Аттокурова (1955-жылы туулган) экени анык болду. Учурда тактоо иштери жүрүп жатат",- деп билдиришти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Nendi15
2015-10-02 11:35:31
Ой кудай ай эч нерсеси калбаптырго каякка шашып айдашат э адамдар ажалгабы???
+3
Nadir27
2015-10-02 11:53:40
Аллахымай мынча коркунчту,журокту тушуротко ушунчалык каттуу айдады бекен эээ.
-1
birekiuchtort
2015-10-02 12:15:21
Ото катуу ылдамдыкта баратканго саат беште моргто болгончо жетиде уйундо бол дейт. Жай эле айдаш керек
+4
bermet104
2015-10-02 14:02:19
Менин кайненем м-н кайнилерим болчу
0
warsaw.
2015-10-02 14:54:52
bermet104, сабырдуу болуң эми
0
Sara1989
2015-10-07 01:17:54
bermet104,Керим жакшы болуп кетсин Аллахым озу шыпаа берсин
0
Mars55
2015-10-02 15:11:07
эч нерсеси билинбей калыптырго унаанын кудай сактасын
0
madina.87
2015-10-02 21:32:43
Ээ кудай сабыр тилейм Бема.:(
0
Meruet84
2015-10-02 21:43:29
Бема уй булонорго сабыр берсин.
+1
mega777
2015-10-04 00:27:53
Бема сабыр тилейм.Бир уй булодон эки адам.Кандай гана кайгылуу((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан