Чүй облусунун Аламүдүн районундагы көчөлөрдүн биринде Түркиянын жараны мас абалында 21 жаштагы кыз менен урушту. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, уруш болгон жерге милиция кызматкерлери барганда, 30-35 жаштагы жаран аларга да карата күч колдонгон. Мындан улам милиционерлер аны жана кызды милиция бөлүмүнө алып келишкен. Нөөмөт бөлүмүндө жаран кызды сөгүүнү уланткан, андан соң аны токмоктоп, денесине залал келтирген. Ошондой эле ал райондук милициянын мекемесинде айнекти сындырып салган.
"Бул факт боюнча тиешелүү материалдар топтолуп, жаран убактылуу кармоочу жайга отургузулду. Тергөө амалдары уланууда",- деп билдиришти облустук милициядан.