Кечээ, 1-октябрда Ош аэропортунда жасалма паспорт менен Орусияга учуп кетүүгө аракет кылган Тажикстандын жараны кармалды. Ош-Новосибирск каттамы боюнча уча тургандардын документтери текшерилип жатканда 1989-жылы туулган М.П. аттуу Тажикстандын жаранынын документтери жасалма болуп чыккан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
Тиешелүү документтер толтурулган соң Тажикстандын жараны УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине тапшырылган.