Жардыруу уюштурууну максат кылган террордук топтун мүчөсү кармалды

Бүгүн, 2-октябрда террордук аракетке каршы иш-чаранын жүрүшүндө Чүй облусунда 1972-жылы туулган К.Л. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Кармалган жаран эл аралык террордук топтордун биринин мүчөсү экени аныкталды. Ал Кыргыз Республикасынын аймагында жардыруу уюштурууну пландаган. Тинтүү учурунда андан бир тапанча, экстремисттик мазмундагы электрондук китеп, РГД-5 гранатасы жана жардыруучу заттар табылган. Суракка алынганда жардыруу уюштурууну көздөп жүргөнүн айткан.

Бул боюнча кылмыш иши козголду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
stepwgn2483
2015-10-02 18:02:59
Мындай адамдарды ХХХ ХХХ ХХХ... керек.
+1
admin_portal
2015-10-02 18:05:10
stepwgn2483 - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазуудан алыс болуңуз.
0
stepwgn2483
2015-10-02 18:10:17
admin_portal, урматтуу админ мен албетте кечирим сурайм бирок,оз мекенине чыккынчылык кылгандарга ичим куйуп жаздым.
0
alatoositi
2015-10-03 01:30:59
К.Л ким ал эмне адам? Андайларды ХХХ ХХХ ХХХ деп ойлойм
0
admin_portal
2015-10-05 14:54:29
alatoositi - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан