Бишкек - Кара-Балта трассасында 4 автоунаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Кырсык бүгүн, 3-октябрда саат 13:00 чамасында аталган трассанын Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу аймагында болду. Күбөлөрдүн айтымында, Бишкекти көздөй катуу ылдамдыкта жарышып бара жаткан Hyundai жана BMW унаалары каршылаш тилкеге чыгып, алдынан чыккан Жигули жана жүргүнчү ташыган кичи автобусту сүзүшкөн. Жигулидеги 3 адамды "Тез жардам" кызматы ооруканага алып кетти. Окуяга негизги күнөөкөр Hyundai унаасынын айдоочусу экени айтылууда. Жол-кайгуул кызматкерлери унаалардагы видеобайкоо жабдууларын чечип алышты.
"Жигули өз жолунда жай жүрүп келе жаткан. Көпкөн бирөөлөрдүн айынан анын ичиндегилер жабыркап, күтүлбөгөн жерден ооруканага кетишти",- дешти күбөлөр.