Жалал-Абадда жеңил унаа менен күйүүчү май ташуучу унаанын кагылышынан 2 адам каза тапты

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Түрк-Абад айылында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу 3-октябрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек-Ош жолунун 576-чакырымында Гольф-3 үлгүсүндөгү унаа күйүүчү май ташуучу унаа менен бетме-бет кагылышып кеткен. Кырсыктан Гольф-3 автоунаасынын ичиндеги 2 адам каза болуп, 1 адам жаракат алган. 

1. Аттокуров Сагын, 1991-жылы туулган – каза болгон, айдоочу.

2. Аттокурова Зулайка, 1955-жылы туулган – каза болгон.

3. Аттокуров Керимбай, 1989-жылы туулган – жаракат алган.

Куткаруучулар каза болгондорду жана жаракат алган адамды автоунаадан алып чыгып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришти. Күйүүчү май ташуучу унаанын ээси такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
suhrab.kg
2015-10-03 18:25:00
Голф сузуп алган окшойт грузовой машина жолдун четинде турат эле
0
Askar.96kg
2015-10-04 01:58:37
Оой, жаман болуптур. Бир үй-бүлө го, жалаң Аттокуровдор экен... Аллаh ырайым кылсын!
0
Edik_86
2015-10-04 20:35:33
ЭХ жайлуу болсун олгондордун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан