Ысык-Көл облусунун Түп районунда жол кырсыгы орун алды. Бул тууралуу 3-октябрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Түп – Каракол жолунун 27-чакырымында Ж.Кыдырбаевге тиешелүү Мерседес Cпринтер үлгүсүндөгү унаа менен Т.Одиевге тиешелүү Хундай үлгүсүндөгү автоунаа бетме-бет сүзүшкөн. Кырсыктан жаракат алган 6 адамды жолдо бараткан автоунаалар Түп райондук ооруканасына алып кетишкен.