Каракол шаарында КСДПдан байкоочу болуп жаткан Эл артисти Алтынбек Шатенов каза болду
Бүгүн, 4-октябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында парламенттик шайлоого КСДПдан байкоочу болуп жаткан Эл артисти Алтынбек Шатенов каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Шатенов добуш берүү башталганга 30 мүнөттөй убакыт калганда эс-учун жоготуп кулап түшкөн. Андан кийин "Тез жардам" кызматы келип, анын каза болуп калганын аныктаган.