Гватемала өлкөсүнүн түштүк-чыгышындагы Санта-Катарина-Пинула өз алдынча башкаруу шаарчасында 2-октябрдын түнүндөгү жер көчкүдөн набыт болгондордун саны өсүүдө. 73 адам набыт болду, алардын ичинен 17си жаш балдар экенин чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Дагы 600дөй адам дайынсыз болууда. Каза болгон 20га жакын адамдын өздүгү такталган.
Жер менен таштардын агымы ушул шаарчадагы Кабрай-2 районун толугу менен кыйратты. Окуя болгон жерде 600дөй куткаруучу куткаруу иштерин жүргүзүүдө. 125тей үй жер астында калган.