Өз кызын Орусияга жасалма күбөлүк менен алып кетүүгө аракет кылган айым кармалды

27-сентябрга караган түнү "Ош" Эл аралык аэропортунда Өзгөн районунун 23 жаштагы тургуну кызына жасалма күбөлүк жасатканы аныкталган. Ал 2011-жылы туулган кызына башка кыздын атына берилген күбөлүктү, жарандыгы тууралуу тактаманы, Өзгөн райондук нотариалдык округунун жеке нотариусу тарабынан тастыкталган ишеним катты колдонуп өтүп бара жаткан. Аэропорттогу милиция бөлүмүнүн кызматкерлери текшерип, мыйзам бузуу болгонун аныкташты.
Ош облустук жана шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, бул факты боюнча бир катар беренелер боюнча кылмыш курамы бар болгондуктан, кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Kritikkanat
2015-10-05 14:11:50
Аял менен кызда эмне куноо???Нотариалдык конторанын жаган куболукту жасап берген мекеменин кызматкерлерин жок кылгыла!!!
+2
AIZAD
2015-10-05 14:37:06
Озунуку эмне болуптур?
+1
bema_bema
2015-10-05 16:10:41
Мындайлар толтура азыр
+1
AykaMer
2015-10-05 17:16:55
Ар кимди аларда эмне куноо дей берсек,... Мыйзамды ким сыйлайт,жасаткандан мурда кокусунан кармалып калсам эмне болот,деп ойлонбойбу?... Жасап берген адамчы,окуган билген адам эмне учун айтып тушундургон жок?... Баарында куноо бар,эми ошол кылмышы учун жазаларын алышсын...!
0
Take_men
2015-10-06 10:02:51
Озунукун жоготсо керек. Башка алайын десе метирке жок дейт. Оокат кылыш керек да эптеп. Озунун кызы экен. Тим эле наркобарон кармагансып кылмыш иши тергоо деп. Эми ал байкуштун да бир топ акчасын жешет камайбыз деп коркутуп. Деги биздин милициялардын кылыгы жанга батат. Айрыкча Россиядан поезд авто менен келгенде. Орус менен казак унчукпай откоргон нерселерге асылат. Ал эле бул эле тушуруп коем деп. Мурдун тарта албаган солдаты деле озунчо чоон начальник. Же силерде болгон жок беле мындай?
+1
Sara1989
2015-10-07 01:13:08
Тоолтура го жасалма документ менен откондор,тан калуунун кереги деле жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан