Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун 5-турунда кыргыз футболчуларына каршы ойноо үчүн Тажикстандын улуттук курамасы 4-октябрда Бишкекке келди. Бул тууралуу Тажикстандын Футбол федерациясы кабарлайт. Маалыматка ылайык, футболчулар алгачкы машыгуусун 5-октябрда өткөрүшөт.
Кошумчалай кетсек, тандоо турунда "В" тайпасында Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын ортосундагы беттеш 8-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.