Чычкан капчыгайында Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа жол тилкесинен чыгып кетип, бир адам жабыркады

Токтогул районунун Чычкан капчыгайында Хонда Фит унаасы жол кырсыгына кабылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, унаа ээси Ч.Боронов 5-октябрь күнү саат 08:30 чамасында унаасын башкара албай жол тилкесинен чыгып кеткен. Анын кесепетинен айдоочунун аялы жабыркап, унаа ичинен куткаруучулардын жардамы менен чыгарылган. Ошол замат аны "Тез жардам" кызматы кырсык болгон жайдан алып кеткен. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан