Жылнаама, 7-октябрь: Мындан 63 жыл мурун Орусиянын президенти Владимир Путин туулган

* Мындан 41 жыл мурун, 1974-жылы айтылуу төкмө акын Токтогул Сатылгановдун эстелиги тургузулган. Эстелик кызыл гранит таштан чегилип, ал Бишкек шаарындагы Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын түштүк тарабына орнотулган.

 
* Мындан 21 жыл мурун, 1994-жылы “легендарлуу генерал” атка конгон КРнын туңгуч генерал-майору Эргеш Алиев каза болгон.
Эргеш Алиев 1905-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районундагы Сакалды айылында туулган. Ал Кыргызстанда совет бийлигин чыңдоого жигердүү катышкандардын бири, милициянын генерал-майору.
1927-жылы Кызыл Армияга чакырылып, Кыргыз атчандар дивизиясында кызмат кылган. Милициянын Базар-Коргон, Токмок райондук бөлүмдөрүн жетектеген. 1934-1941-жылдары милициянын Алай-Гүлчө райондук, Ош шаардык бөлүмүнүн жетекчиси, милициянын Тянь-Шань облустук башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болгон. Согуш жылдары (1941-1945) Ички иштер эл комиссариатынын 107-аткычтар дивизиясынын бөлүмүнүн башчысы, милициянын Ош облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары, 1946-1947-жылдары милициянын Жалал-Абад облусунун башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Андан соң Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Милиция башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Талас облустук башкармалыктарынын башчысынын орун басары, 1956-1959-жылдары милициянын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы, милициянын Ош облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеген. 
Эргеш Алиев Ленин, Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз, 2 Ардак белгиси ордендери жана медалдар менен сыйланган. ИИМдин академиясы, райондогу мектеп, Жалал-Абад шаарындагы көчө анын ысымы менен аталган.
* Мындан 63 жыл мурун, 1952-жылы Орусиянын президенти Владимир Путин Ленинградда төрөлгөн. 1975-жылы Ленинград мамлекеттик университетинин эл аралык бөлүмүнүн юридикалык факультетин аяктаган. Ошол эле жылы СССРдин Улуттук коопсуздук кызматына кирген. 1999-жылы 31-декабрда Орусиянын президенти Борис Ельцин калкка жаңы жылдык кайрылуусунда кызматынан кетерин жана өз ордуна Владимир Путинди дайындаганын билдирген.
2000-жылы 26-мартта Путин 53 пайыз добуш менен Орусиянын президенти болуп шайланган. Ал эми 2004-жылы 14-мартта экинчи ирет президенттикке келген. 2008-жылы президенттик мөөнөтү аяктаган соң өкмөт башчы болуп 2012-жылга чейин иштеген. 2012-жылы 4-мартта Орусияда президенттик шайлоо өтүп, Владимир Путин 63,6 пайыз добуш менен кайрадан президент болуп шайланган. Ал эми ошол эле жылдын 7-майынан тартып расмий түрдө ишке киришкен.
* Мындан 9 жыл мурун, 2006-жылы Чеченстан, Ингушетия жана Дагестандагы согуштарда жүрүп кабарчылык кызматты аркалаган орусиялык журналист Анна Политковская Москвадагы үйүнүн алдында буйрутма өлтүрүүнүн негизинде октон көз жумган. "Журналист орус өкмөтүнүн саясатын сындагандыгы үчүн өлтүрүлдү" деген пикирлер айтылган. Орусиянын медиасы "Политковская Кремлдин Чеченстандагы саясатын сындагандыгы үчүн өлтүрүлдү" деп ырастап келген. Анна Политковская орусиялык аскерлердин кишилерди барымтага алып, кыйноого катышкандыгын ырастаган далилдерди топтоо менен алектенген, ага катышы бар айрымдардын аттарын ачык жарыялаган. "Журналистти өлтүрүүнү уюштурган жана аткарган" деп чечен тектүү Рустам Махмудов менен анын эки агасы Ибрагим жана Жабраил, алардын тууганы Лом-Али Гайтукаев, Москва шаардык полициясынын мурдагы кызматкери Сергей Хаджикурбанов кармалган.
7-октябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
merim
2015-10-07 02:16:17
Уважаемый,Владимир Владимирович!От всей души поздравляем,С днем рождениям!!!Вам долгих лет жизнь!
+1
raysultan007
2015-10-07 09:42:04
В.В. Путин СССР дин Улуттук коопсуздук кызматына эмес, Мамлекеттик коопсуздук комитетине кирген.
0
tatu.
2015-10-07 10:05:43
С днём рождения Владимир Владимирович!!!Успеха и огромного терпения вам, крепкого здоровья и долгой жизни,живите еще сто лет)
0
universal
2015-10-07 13:55:50
Пайгамбар жашындакен да!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан