Бишкек-Торугарт унаа жолунда Мерседес-Спринтер жол кырсыгына кабылып, 2 адам каза таап, 1 адам жаракат алды

6-октябрь күнү саат 23:07де Нарын облусунун Кочкор районунда (Бишкек-Торугарт унаа жолунун 60-чакырымында) Мерседес-Спринтер үлгүсүндөгү унаа жол кырсыгына кабылып, 2 адам мерт болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы айдоочу рулду башкара албай калып жол четиндеги тосмону сүзүп алганын билдирди.  

1. Жаналиев Жылдызбек Аманович, 1988-жылы туулган, айдоочу, Нарын шаарындагы Ак-Мөөр көчөсүндөгү №5-үйдүн тургуну;

2. Асылбекова Гүлмира Сагынбековна, 1968-жылы туулган, жүргүнчү, Нарын шаарындагы Шералиев көчөсүндөгү №305-үйдүн тургуну. Бул эки жаран кырсык болгон жерден каза болгон.

3. Токтомамбетова Гүлжан Акуновна, 1964-жылы туулган, белинен жаракат алып, Кочкор райондук ооруканасына "Тез жардам" кызматкерлери алып кетишкен.

Куткаруучулар каза болгондорду жана жабыркаганды унаадан сыртка чыгарышып, каза болгондордун денелерин туугандарына өткөрүп беришти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
asdf
2015-10-07 08:56:04
Кудай сактасын Маршурттук таксилер жанталашып шашып айдашат
0
uson.abdullov
2015-10-07 09:11:37
кырсыкта емне дейсин
0
Deniza88
2015-10-07 15:17:38
Кап жаман болгон экен. Демек ичээр сууну тугонгон экен , не дейбиз жаны жаннатта болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан