Гватемаладагы жер көчкүдөн каза болгондордун саны 186га жетти

Гватемаланын Санта-Катарина-Пинула шаарчасында 2-октябрга караган түнү орун алган жер көчкүдөн набыт болгондордун саны 186га жетти. Дагы 300дөй адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Башкы прокуратурасынын өкүлүнө шилтеме берип чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Азыркы тапта куткаруу иштери убактылуу токтоп турат, бүгүн 7-октябрда түштөн кийин кайра жанданышы айтылды. Куткаруучулар кырсыктан көп убакыт өткөнүнөн улам имараттардын урандыларынын астында тирүү калгандар мүмкүн эместигин айтышууда.
Эске салсак, Гватемалада 125 үй жер көчкүнүн астында калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
karona
2015-10-07 12:08:57
Жаман болуптур, табигый кырсыктын бетин ары кылсын кудай, тообо кылдым.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан