Бишкекте жол-кайгуул кызматкеринин погондорун жулуп, чыр чыгарган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, кечээ, 6-октябрда МАИ кызматкерлери Москва жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде жол эрежесин бузганы үчүн Хонда үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. 41 жаштагы С.Б. аттуу айдоочу инспекторлорго күч колдонуп, чыр чыгарып, биринин погондорун жулуп салган. Жыйынтыгында жол-кайгуул кызматкерлери аны кармап, милиция бөлүмүнө жеткиришкен. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.