Орусиянын Саранск шаарынын Ленин райондук соту зордуктоо жана сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо боюнча айыпталган кыргыз жараны Искандер Эрежеповго карата өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, 17-июнда Эрежепов 20 жаштагы бейтааныш кызды сексуалдык мүнөздөгү кыймыл-аракетке мажбурлаган. "Ал 1-июлда кармалып, камакка отургузулган. Суракта ал буга чейин 26-августта 34 жаштагы аялды зордуктаганын айтып берген. Сотто прокурор судьядан Эрежеповду 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жана жабырлануучуга 500 миң рубль төлөтүүнү сурады. Жыйынтыгында сот жабык процесстен кийин суралган мөөнөттү бир жылга кыскартып, компенсациянын көлөмүн 200 миң рублга чейин төмөндөттү. Өкүм күчүнө кире элек",- деп жазышты басылмалар.