ЭЛДИК КАБАР: Ноокат районунда алма терим кызуу жүрүп жатат (фото)

"Ош облусунун Ноокат районунда алма терим кызуу жүрүп жатат. Райондогу Кыргыз-Ата айылында алма түшүмү өтө мол болгондуктан, мөмөсүн көтөрө албаган алма шактары жерге ийилип калып жатат",- деди 7-октябрда SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу билдирген окурман. Ал эртең, 8-октябрда райондо өтчү Алма фестивалына катышууга даярданып жатканын кошумчалады.    

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
chonkurulush
2015-10-07 14:35:12
Кокуууй момосун которо албай ийилип калыптыргоо
+3
chonkurulush
2015-10-07 14:36:40
Алма тердик
Жардам бердик
Биз холхоздун багына болуп жатыптырда
+5
Mars55
2015-10-07 14:37:50
Кырман толсун
+3
Bermet_Kasymova
2015-10-07 14:40:35
Ааа ииий, которо албай сынып кеткен го:)
+3
briliant87
2015-10-07 15:11:03
Эртен биздин айылда алма фестивалы отот менда даярданып жатам.
+3
amanatym
2015-10-07 15:19:56
соонун экен, берекелуу куз да
+3
Umnitsa
2015-10-07 15:51:01
чынле биз жакта (Ноокатта) алма жузумдой эле болду
+4
marmilantka
2015-10-07 15:51:51
Ноокатымды сагындым алмасын да.
+5
bulak
2015-10-07 16:44:31
1 СМС толтура алма жонотуп жибериниздерчи Ноокаттыктар козду кызыктырбай.
+2
spinkub
2015-10-07 17:29:17
ООО менин алмаларым!!! Жакында барып калам буйруса!
+1
aikol87
2015-10-07 17:35:17
Козду куйгуздунорбу шашпагыла айылга барайын алманын тугунон жылбай отуруп алма жебесем))).
+1
Aikoo2014
2015-10-07 18:26:25
Кырман толсун, элибиздин ак эмгеги, алманын баасыда кымбатыраак болсо экен. Биздин айылда алмалар жыйнап буттук деп айтышты.
+1
Speznaz41
2015-10-08 01:20:39
Охоо, кызаратко чиркин яблоколор...)))

Бул Атайдын алма багы эмес бекен ыя?)))
0
Zarlyk.322
2015-10-08 01:40:49
бирок алманын ценасы артка тартатго чиркин,дыйкандардын 1 жылдык кутконун актабайтат.
0
Мэри
2015-10-08 12:20:31
Кабарды жиберген окурманга терең ыраазычылык!!!
Сүрөттөр сонун экен, көз кубанат, көңүл көтөрүлөт!!!
Жергебизде ар дайым береке, молчулук жана бейпилдик болсун...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан