Калыс-Ордодо "агасынын үйүнө конок болуп барып, аны өлүмгө жеткиргенге чейин токмоктогон" деп шектелген жаран кармалды

Калыс-Ордо конушунда "агасынын үйүнө конок болуп барып, аны өлүмгө жеткиргенге чейин токмоктогон" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2015-жылдын 30-сентябрында ооруканага эс-учу жок абалында 33-35 жаштардагы адам жеткирилип, ага "баш сөөк жаракаты" деген диагноз коюлган. 1-октябрда ал эсине келбей каза тапкан. Ал Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун 33 жаштагы Н.Б. аттуу тургуну экени аныкталган.
"Бул факт боюнча "ден соолукка атайылап оор залал келтирүү, байкабастыктан жабырлануучуну өлүмгө жеткирүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө амалдарынын жыйынтыгында төмөнкү маалыматтар белгилүү болгон: 30-сентябрда жабырлануучунун үйүнө иниси келген. Алар алкоголдук ичимдик ичишип, ортодон уруш чыгып, мушташууга чейин жеткен. Мындан улам үй ээсинин ден соолугуна оор залал келтирилген.
Ыкчам иликтөө тобу бул кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун 30-жаштагы Н.З. аттуу тургунун кармашты. Соттун чечими менен ал №1-СИЗОго отургузулду. Учурда тергөө уланууда",- деп маалымдайт Бишкек ШИИББи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
aikokul14
2015-10-07 16:50:44
Кудай озун сакта,бала ата-энени,бир тууган,бир тууганды олтуро турган заман болуп баратат.
0
nur-patriot
2015-10-07 16:54:40
бир тууган агасын эмнеге өлтүрөт? эмнени бөлүшпөй калышты? бала кезинде чогуу өскөн да. тилекке каршы бир туугандарын өлтөрүү илгертен эле келет. Библияда Каин жана Авель жөнүндө окусаңар
-5
ediko85
2015-10-07 18:08:36
nur-patriot, ХХХ ХХХ ХХХ...
+2
admin_portal
2015-10-07 19:01:22
ediko85 - 5 күнгө БАН!
Порталдын башка колдонуучуларын кемсинтип, мазактаган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
-2
mr.ulan89
2015-10-07 16:55:55
Калыс Ордонун кай жери болду экен мен ошол райондо турам
0
chalkan
2015-10-07 16:59:48
Накта эшектин этин жеген көк мээ го.
-1
zhykyo
2015-10-07 17:57:36
Оз агасын агалайалбаган буроонун уйун сагалайт
0
alatoositi
2015-10-07 19:29:44
Арак жакшы нерсеге эч качан алып барбайт,колдон келсе такыр ичпей эле койгула
0
karona
2015-10-07 19:32:42
Ушул убакка келип арактын жакшы жакка алып барганын эч корбодум, коргондор бар бекен а?!
0
kairat.78
2015-10-08 09:23:36
Бир тууган ага-инилер эмнеге чогуу арак ичишет оорустарга окшоп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан