Баткен облусунун Кадамжай районундагы Халмион айыл аймагында 30-сентябрда Кадамжай аймактык ооруканасына эки адам “сибирь жарасы” оорусуна күмөндүү болуп жаткырылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан 8-октябрда билдиришти.
Алар:
1. Халмион айыл аймагынын Халмион айылынын Чекелик участкасынын тургуну, 1976-жылы туулган Камалжан Чоёнов;
2. Айдаркен шаарынын Гауян көчөсүнүн тургуну, 1958-жылы туулган Аширбай Колдошов.
1-октябрда Кадамжай райондук санитардык жана эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан анализге үлгү алынып, Ош шаарындагы Түштүк аймактык чума оорусуна каршы күрөшүү бөлүмүнө жөнөтүлгөн. Анализдин жыйынтыгы 7-октябрда чыгып, Халмион айылынын тургуну Камалжан Чоёнов аталган ооруга кабылгандыгы аныкталган.
Кадамжай райондук жарандык коргонуунун медицина кызматы тарабынан сибирь жарасынын алдын алуу боюнча элдин арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. 5 врач жана 30 медайым оорунун таркалуусунун алдын алуу боюнча иш алып барып, Чекелик жана Подхоз участкаларында 212 кожолукка, 886 адамга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Айдаркен шаарынын тургуну Аширбай Колдошовдун оорусу боюнча анализдин жыйынтыгы чыга элек.