Бишкекте шаар тургунун коркутуп, карактап кеткен 22 жаштагы эки кыз кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен 8-октябрда билдиришти.
Маалым болгондой, Бишкек шаарынын 22 жаштагы Салтанат аттуу тургуну милицияга кайрылып, 2-октябрь күнү Бишкектин Москва жана Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишинде эки кыз күч колдонуу менен 10 миң сом акчасын жана телефонун тартып алганын билдирген. Издөө иштеринин натыйжасында Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери аталган ишке шектүү катары 22 жаштагы Мээрим жана Алина аттуу эки кызды колго түшүрүшкөн. Алар Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде жашашат.
Тиешелүү материалдар жыйналып, иликтөө иштери жүрүп жатат.