9 айдын ичинде Бишкекте 676 өрт кырсыгы катталып, 70,1 миллион сомго зыян келтирилди

2015-жылдын 9 айынын ичинде Бишкек шаарында 676 өрт кырсыгы катталган. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда SUPER.KG порталына борбор калаа боюнча Өрт өчүрүү кызматынын инспектору Талант Өмүрбаев билдирди.
Анын айтымында, аталган кырсыктардан улам 70 миллион 133 287 сом материалдык зыян келтирилген. Ошондой эле өрт кырсыктарында 6 адам газ менен ууланып каза тапкан, 4 адам ар кандай деңгээлдеги жаракат алган. "Эгер үйүңүздөрдө жана аймагыңызда өрт пайда болсо, 101 телефон номери аркылуу Өрт өчүрүү кызматына кайрылыңыз",- деп эскертет Өмүрбаев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
shailoo2015
2015-10-08 10:58:32
Кудай сактасын
0
nur-patriot
2015-10-08 11:37:22
эгер ошол өрттөр болбосо, өрт өчүрүүчүлөргө 70 миллиондон хотя бы 1 миллионун беришмек эмес. Алар өз жандарын беришет тамеки таштаган акмактар үчүн
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан