Бүгүн, 8-октябрда саат 03:05 чамасында Чүй облусунун Жайыл районунда Новониколаевка айылында айдоочу унаасы 20-25 жаштагы жөө бараткан адамды сүзүп кетти. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, айдоочу жабырлануучуга жардам бербей кетип калган. Жаракаттарынан улам жабырлануучу ошол жерден каза тапкан. "Бул факт боюнча ыкчам иликтөө амалдары жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Милиция кызматкерлери кылмыштын изи сууй электе кырсык болгон жерге жакын аймактан Ниссан Иск-Трейл үлгүсүндөгү унааны таап, андан соң анын ээси 22 жаштагы А.Шатман аттуу жаранды кармашты. Суракта ал күнөөнү моюнуна алды. Учурда жабырлануучунун өздүгүн аныктоо иштери жана тергөө амалдары уланууда",- деп билдирет мекеме.