Кыргыз-казак чек арасынан ашып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды
7-октябрь күнү кыргыз-казак чек арасындагы “Чалдыбар-унаа жол” өткөрүү жайындагы көзөмөлдөн тыш турган тосмодон ашып өтүүгө аракет кылган Э.А. аттуу 1976-жылы туулган кыргыз жараны кармалды. Ал Кыргыз Республикасынын аймагынан Казакстан тарапка өтүүгө камынган. Тиешелүү документтер толтурулган соң, кармалган жаран укук коргоо кызматкерлеринин колуна өткөрүлүп берилди.