Баткенде Хундай Портер унаасы КамАЗды сүзүп алып, айдоочусу каза болду. ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришкендей,
8-октябрда саат 22:25те Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 116-чакырымында Хундай Портер үлгүсүндөгү унаа катуу ылдамдыкта бара жатып КамАЗды артынан сүзүп алган. Кырсыктын
кесепетинен Хундай Портер унаасынын айдоочусу Абдыманап Токтобаев каза болгон.Окуя болгон жерге ӨКМнын №3-Өзүнчө мобилдик тоо-кен кырсыгынан куткаруу взводунун куткаруучулары барышып, каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарышып, райондук ИИБ кызматкерлери аркылуу туугандарына өткөрүп беришти.