Ысык-Көлдө Мазда унаасы толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу 9-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалым болгондой, Ысык-Көл
районунун Бактуу-Долоноту айылында токтоп турган Мазда-626 үлгүсүндөгү унаа күйүп кеткен. Учурда унаа ээси жана өрттүн себеби такталууда.