Жалал-Абад облусундагы “Кыр-Коо” карьеринде кен жатагын мыйзамсыз иштетүү жана чопону казып алуу фактылары табылды

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча Коррупцияга каршы кызматынын бөлүмү жүргүзгөн ыкчам издөө иштеринин жыйынтыгында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл аймагында чопонун кен жатагын мыйзамсыз иштетүү фактысы табылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан 9-октябрда билдиришти. 

Иликтөө иштеринин жыйынтыгында “Таш-Рабат” ЖЧКсы Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамын бузуу менен, ылайыктуу уруксат берүүчү документтери жок “Кыр-Коо” карьеринде иштерди жүргүзгөнү жана мыйзамсыз түрдө чопону казып алуу иштерин алып барганы аныкталган.

Экология жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын Кара-Көл, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай шаары жана Токтогул району боюнча аймактык башкармалыгын жана өкмөткө караштуу МСКнын Токтогул району боюнча башкармалыгын тартуу менен текшерүүлөрдүн натыйжасында мамлекетке 254,5 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталган.

Бул факт боюнча "мыйзамсыз ишкердик кылуу” беренесине ылайык кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zama1993
2015-10-09 10:29:35
Ой тообо эмне болуп баратышат?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан