"Бүгүн Бишкекте жансыз денеси табылган аял үй-жайсыз экен". Бул тууралуу SUPER.KG'ге Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Олжобай Казабаев билдирди. Анын билдиришинче, каза болгон аял болжол менен 50-55 жаштарда. Учурда анын өздүгүн жана өлүмүнүн себебин аныктоого аракеттер көрүлүп жатат. Ошондой эле аялдын денесинде жаракат жок экенин белгиледи.Айта кетсек, ал аялдын сөөгү эртең мененки саат 09:00 чамасында Бишкектеги Жаш Гвардия жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинен табылган.