Ысык-Ата райондук ички иштер органдарынын кызматкерлерине карата "кыйноо" беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 9-октябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ушул жылдын 15-августунда милиция кызматкерлери М.Ш., А.Р. жана К.К. кылмышка шектүү катары Ш.А. аттуу жаранды милиция бөлүмүнө алып келишкен. Унаа уурдоо кылмышын моюнуна алдыруу максатында аны сабап салышкан. Натыйжада ал оор жаракаттарды алып, сол бөйрөгү катуу жабыркаганы аныкталган. Факты боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.