Коргоо министри Абибилла Кудайбердиевге кылмыш иши козголду

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Аскер прократурасы менен биргеликте жүргүзгөн текшерүүлөрдүн натыйжасында Коргоо министрлигинде бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы коррупциялык схемаларды аныктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 12-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, 2014-жылдын август айында "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасынын башкы директору К.К., Коргоо министрлигинин Каржы башкармалыгынын башчысы Ш.М. жана коргоо министринин орун басары Н.Ж. даярдаган документтерге ылайык, коргоо министри А.Кнын буйругу менен "Аскер курулушу" ишканасына министрликтин атайын каражаттарынын эсебинен 12 миллион сом акча насыя катары 2 жылга мыйзамсыз берилген. Көрсөтүлгөн акча каражатынан 2 миллион сом "Ояма", 3 миллион сом "Айти-Булак", 7 миллион сом "ЖКХ Коммунальщик сервис" ишканаларынын эсебине которулганы аныкталган. Жогорудагы ишканалардын "Аскер курулуш" ишканасына болгон дебитордук карызы 58 миллион 618 миң сом экени жана фирмалардын директорлору "Аскер курулушта" айдоочу, цехтин мастери, сантехник болуп иштеп келишкени белгилүү болгон.

12-октябрда коргоо министри Абибилла Кудайбердиев, министрликтин жооптуу кызматкерлери, "Аскер курулуш" ишканасынын жумушчуларына кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Arslanbek
2015-10-12 13:07:19
Камаш керек
0
KyrgyzKagan
2015-10-12 13:08:24
Туура баарын камаш керек. 500чиновникти камап жегенин кустурсанар Кыргызстан онугот ошондо.
0
arxinur
2015-10-12 13:09:14
ХХХ ХХХ
0
admin_portal
2015-10-12 13:13:38
arxinur - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазуудан алыс болсоңуз.
0
bolotbek91
2015-10-12 13:26:13
Козголдубу анаан ооруйтда жатат анан кайра акталат
0
djigan
2015-10-12 13:30:02
Караса кадр ХХХ, иш козгогула деген команда келди, кызмат ордун бошотуш керек, корупцияга курошмой жасалма журуп жатат. ХХХ ХХХ ХХХ...
-2
admin_portal
2015-10-12 14:27:09
djigan - эскертүү!
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
0
bayana1987
2015-10-12 13:53:24
Туштук тундугу жок эле коррупция бар болсо иш козгойт да. Негизи бул кишинин артынан чуулгандуу иштер дайындалганда эле айта башташкан. Кыргыз эмес экен жана башка деп.
0
bolotbai3
2015-10-12 13:53:57
Эн туура кылат кылмыш ишин козгоп,озум билем отугумду торго илем деп миллиондогон акчаны сугунуп коррупция кылган да.Негизи ар кандай курулуш банк жана башка коптогон иштерде коррупция бар.Текшерсенер чекеден камайсынар жалан байларды.Бирок олчойгон акча менен кайра эле басып коюшу мумкун.
+1
Adambol
2015-10-12 14:10:57
Эми эртен больницага жатат
0
djigan
2015-10-12 14:17:50
А.Келдибековго, М.Мырзакматовго,К Ташиевге ж.б.иш козголуп жатат.Мына эми Кудайбердиевге иш козгоп жатышат.Корунуп эле жатпайбы жасалма корупция болуп жатканы.Болуптур булар корупцияга аралышыптыр дей ли, эмне учун Чыныбай Турсунбековго иш козгобойт 2010 жылдан кийин канча обьектилерди мыйзамсыз озуно откоруп алды.Иса Омуркуловду актап эми депутат кылып алды.Керек болсо килейген автомашты ит бекер эле алып алганычы.Озу ажыдаарга айланып баратат
+1
mts0001
2015-10-12 20:51:45
Аябай курошуп атышкан турбайбы коррупция менен модолестер эми кийинки коррупционери ким болду экен.....?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан