Сокулук районунда
буга чейин соттолгон жаран "таанышын бычактап салган" деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн,
13-октябрда Чүй ОИИББинен билдиришти.
Маалым болгондой, ушул жылдын 26-апрелинде аталган райондун Комсомол айылында С.С. аттуу жаран Военно-Антоновка айылынын
тургуну К.С. менен ичимдик ичип отурган. Ортолорундагы пикир келишпестиктен К.С. аттуу жаран ашкана бычагын алып бөтөлкөлөшүнүн төшүнө
бир нече жолу сайган. Жабырлануучу Сокулук райондук ооруканасына
жеткирилген. Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө
иштери уланууда.