Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында
селсаяктарды өлтүрүү кандай болгону тууралуу
SUPER.KG порталына облустук милициядан төмөнкүдөй билдиришти:
"24 жаштагы Анастасия, анын атасы 58 жаштагы Виталий, 27 жаштагы Чыңгыз жана 18 жаштагы Александр арак ичип отурушкан. Эркектердин ортосунда чыр чыгып, алар мушташа кетишкен. Александр Виталий менен Чыңгызды бычактап, кыш менен ура баштаган. Муну көрүп коркуп кеткен Анастасия сыртка чыгып кеткенде, Александр аны кубалап, күрөк менен башына чапкан".
Айта кетсек, кылмышка шектүү жаран кармалып, суракта күнөөсүн
моюнуна алган. Ал буга чейин "уурдоо" беренеси боюнча соттолгон экен. Александр арак ичип жүргөн селсаяк экени
айтылган.