Жалал-Абад облусунун тургуну унаа уурдап качып бара жаткан жеринен колго түштү

Жалал-Абад облусунун тургуну унаа уурдап качып бара жаткан жеринен колго түштү. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан 14-октябрда билдиришти. 
Маалым болгондой, милицияга Чүй облусунун 1987-жылы туулган Ш.М. деген тургуну кайрылып, 13-октябрда саат 24:00 чамасында Фольксваген Гольф-2 унаасын Ауэзов менен Лебединовка көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафелердин биринин алдына токтотуп койгон жеринен белгисиз адам уурдап кеткенин айткан. 
Издөө иштеринин натыйжасында Чүй облустук МАИ кызматкерлери Жалал-Абад облусунун 1986-жылы туулган С.А. деген тургунун колго түшүрүштү. Учурда кылмыш ишин козгоо маселеси чечилип жатканы айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Tuke8686
2015-10-14 10:24:27
кысталак жакшырак машина албайсынбы
+2
Deniza88
2015-10-14 15:23:28
Жигит шашкан окшойт
0
Shekeev969798
2015-10-14 19:48:08
бир жерге шашып кетип атып журуп турса минип кетсе керек кинодон коргон да чунак
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан