Гватемалада жергиликтүү тургундар коррупциялык аракеттери үчүн шаар мэрин тирүүлөй өрттөп салышты

Гватемалада жергиликтүү тургундар коррупциялык аракеттери жана мэр шайлоодогу атаандашы Лоренцо Секекке кол салганы үчүн шаар мэрин тирүүлөй өрттөп салышты. Бул тууралуу 13-октябрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Консепсьон шаарынын 43 жаштагы мэри Базилио Хураканды сабап, өрттөп салышкандан кийин ал көз жумган. Окуя болгон жерге келген полиция кызматкерлери аны куткарууга үлгүрүшкөн эмес. 
Өткөн аптанын соңунда шаар мэри үй-бүлөсү менен келе жаткан унааны токтотуп, аткылап салышкан. Натыйжада шаар башчынын 17 жаштагы кызы менен 16 жаштагы жээни каза болуп, мэр жана анын 4 тууганы жаракат алган. Андан соң тургундар мэрге кол салышкан.
Гватемаланын мэрин тургундар тирүүлөй өрттөштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
realliver
2015-10-14 11:15:48
Бизге да керек иш
+9
Deniza88
2015-10-14 15:14:10
realliver,Анда кимди орттогону калдык ошондо )))
0
aikol87
2015-10-14 11:33:10
Ушуну коруп биздин мэр ойгонор бекен.
+6
anyaza
2015-10-14 12:00:16
Туура чечим кылышыптыр.Биздин да МЭР,атка минээрлерди да кабардар кылып койуш керек ушундай абалга кабылбагыла деп.Эл бар бийлик бар экенин унутушпаса.Бийлике келгенден кийн эле асманды карап чит тукуруп калышпай.
+4
mira28
2015-10-14 12:00:27
Чондорго жасай албасак да педофилдерге ушундай чара корсо жакшы болмок.
+8
aibek90
2015-10-14 12:15:25
биз да чондорду ушинтип турсак болмок иштей башташат еле бир екоосу ушунтип олгондо
+2
nuriyaeljan
2015-10-14 12:35:21
биздин чондор коркок эч ким чон болбой койбосун антсек кечээ шайлоодо кордук го жан сакчылар менен журушту
+2
Medina87
2015-10-14 13:52:48
Кол толкуса сел болооот....
0
danik86
2015-10-14 14:09:26
Сабак болоор ушул окуя, сөз ээсин табат
+1
mts0001
2015-10-14 21:45:15
мейлин жуз жыл мейли минге жашагын
бирок чындык кор алдында жатаарын
кайырчы бол падыша бол баары бир
олум учун бирдей сенин катарын
(омар хайям)
0
Ayperi94
2015-10-15 02:03:45
Катуу жаза колдонуу керек паракорчулука бирок жанын алып эмес!
+1
samira8589
2015-10-15 08:03:50
Бизде баары эле орттолуп ак уй бош калат анда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан