Бишкектеги “Дордой” базарында 18 литр мотор майын уурдады” деген шек менен 30 жаштагы тургун кармалды. Муну бүгүн, 14-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы жарыялады.
Белгилүү болгондой, милицияга жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. "Жабырлануучу “Дордой” базарында 13-октябрь күнү саат 12:00 чамасында белгисиз адамдар мотор майлары бар канистрлерди уурдап кетишкенин билдирген. Ленин РИИБинин кызматкерлери кылмыштын изи сууй электе Бишкектин А.О. аттуу 30 жаштагы тургунун кармашкан. Учурда келтирилген зыян эсептелип, иликтөө иштери жүрүүдө",- деп билдиришти шаардык милициядан.