"№50-колониядан качкан кылмышкерлердин бири, бир көзүнөн жабыркаган Эдил Абдрахмановго окшош адамды бүгүн эртең менен жарандар Бишкектеги Ботаникалык бакчадан көрүшүптүр",- деп
SUPER.KG порталына Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда ал аймакта автоматчан атайын багыттагы жоокерлер операция жүргүзүшүүдө. Ботаникалык бакчага эч кимди киргизбей жатышат. Айланасы курчоого алынган.