Интернеттеги видеодо Сирияда танк менен өлүмгө бара жатып ыйлаган согушкер кыргыз жараны. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы ырастады.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну аталган видеону көрүп жатып өзүнүн баласын таанып калган. "Танк менен өлүмгө бара жаткан бала 20 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну Бабур Исраилов экени аныкталды",- дешет УКМКдан.
Мекеменин билдиришинче, бүгүнкү күнү 330дан ашуун кыргыз жараны Сириядагы согушка катышууда. Үч жылдын ичинде 40тан ашуун кыргыз жараны каза тапкан.