Түрмөдөн качкандарды Ботаникалык бакчадан издөө аяктады, кылмышкерлер табылган жок

Бишкектеги Ботаникалык бакчада №50-түзөтүү колониясынан качып кеткен кылмышкерлерди издөө аяктады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынын кызматкери Эрнис Осмонбаев жарыялады. Анын айтымында, издөө операциясынын жыйынтыгында кылмышкерлер табылган жок.

Эскерте кетсек, 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан 9 кылмышкер качып кетүүгө аракет жасаган. Аларды токтотуп жатканда ЖАМКтын үч кызматкери каза таап, дагы бири оор жаракат алган. Кийин Ленин айылында кылмышкерлердин бешөөсү кармалган. Ал эми төртөө учурда боштондукта жүрөт. Алар:

Итибаев Алтынбек Абдиметалиевич 1977-жылы Ош шаарында туулган. Улуту - кыргыз, буга чейин соттолгон. Бою 170-175 сантиметр. "Жайшүл-Махди" тыюу салынган партиясынын активдүү мүчөсү.

Абдрахманов Эдил Алимжанович 1986-жылы Чүй облусунун Көк-Жар айылында туулган. Улуту -кыргыз. Буга чейин соттолгон эмес. Бою 160-165 сантиметр, көзү кара, чачы кара. Бир көзү жабыркаган. "Жайшүл-Махди" тыюу салынган партиясынын активдүү мүчөсү.

Мусуралиев Азамат Мамасеитович 1987-жылы Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында туулган. Улуту - кыргыз. Буга чейин соттолгон эмес, үйлөнгөн. Бою 170-175 сантиметр. Дене түзүлүшү арык, көзү кара, чачы кара. "Жайшүл-Махди" тыюу салынган партиясынын активдүү мүчөсү.

Кадыралиев Данияр Кылычбекович 1976-жылы Жумгал районунун Миң-Куш айылында туулган. Улуту - кыргыз. Буга чейин соттолгон эмес. Бою 170-175 сантиметр. Көзү кара, чачы кара.

Эгер бул адамдар жөнүндө кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз, ЖАМКка жана ИИМге төмөнкү телефон номурлары аркылуу кайрылыңыз:

ЖАМКтын нөөмөт бөлүмү – 68-05-37

ЖАМКтын ишеним телефону – 43-11-77

ИИМдин нөөмөт бөлүмү - 66-23-31 же 102.

Түрмөдөн качкан кылмышкерлер Ботаникалык бакчадан табылган жок
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
janadil
2015-10-14 17:22:25
аларды мечитерден издеш керек болчу себеби алар кочодон байкайын мечитен байкалбайт сакалчандар
+2
AFFANCULO
2015-10-14 17:30:31
Иииииий
0
BRILIANTTKA
2015-10-14 17:35:09
Адамдарга зыяны тие электе кармалышса экен. Жүрөк дүркүрөйт кебетелерин көрүп...
+2
1982bek
2015-10-14 18:02:37
Акыры табылаар албарстылаар!
+2
Elusha88
2015-10-14 19:26:29
Сакалдарын алып койсо керек качып чыккан куну эле.Мечитке барган жерде деле таанымалда, бут баары таанып бутту окшойт, саксайган 4 шт сакалдары мн.
+2
Aiida25
2015-10-14 22:42:29
Издоону токтотпош керек
+1
zinaniz
2015-10-14 23:05:46
Ак оргоодон бир аялды олтуруп кетишиптир бул турмодон качкандар дейби?
0
Neizvestno777
2015-10-15 00:58:22
Пландалган бул тээ башынан эле табылышы кыйын болуп калды го булардын
+1
Ailo
2015-10-15 11:14:41
Онугуу-Прогресс партиясы тошун кагып берген убадасын аткарса (Олум жазасын кошсо) кылмыш азаймак!!!Адам баласынын омуру аябай коркунучта калат ушундай Аллахтан коркпогон зоокурлор жашай беришсе.Эмне кылат буларды багып?Ушулар онолобу?Эч качан онолбойт,андан коро бул дуйнодо олум жазасы менен олтуруш керек.Калган жазасын наркы дуйнодо кенири ала берет!
0
ediko85
2015-10-15 14:25:39
Сакал койсо еюкичине культурно койсо да ушуга окшогон молдолор саксайтып кускуну келтирбей саксайган сакалдарды жоккылышкерек озу(((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан