Араванда күйөө баласы кайнатасын уруп өлтүрүп алды

Ош облусунун Араван районунда күйөө баласы кайнатасын өлтүрүп алды. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. 
Маалыматка ылайык, 66 жаштагы Б.А. аттуу жаранга анын кызы телефон чалып, күйөөсү мас абалында аны уруп жатканына арызданган. "Жаран кызынын үйүнө барып, күйөө баласын токтотууга аракет жасаганда, күйөө баласы кайнатасынын башына уруп жиберген. Мындан улам ал эс-учун жоготуп, жерге кулаган. Ооруканага жеткирилгенде, ал ошол жерден каза тапты. 
Милиция кызматкерлери бул кылмышка шектүү катары Чек-Абад айылынын тургуну, 1973-жылы туулган М.У. аттуу жаранды кармашты. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат",- деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (40)
briliant87
2015-10-14 20:14:18
Тооба кылдым.
+3
maks83
2015-10-14 20:22:33
мындай темп менен кетсе турмого киши батпайт го
+4
aiwa1990
2015-10-14 20:36:13
Ушу кээ бироо шумдук акылдуу боло беретго. Мас киши укмак беле. Байкуш ата, жаткан жери жайлуу болсун
+5
bi_sity
2015-10-14 21:52:20
Коп олумдор арактын айынан болупататкоо((((
+5
strelok
2015-10-14 22:30:22
Ээх турмуш
0
zhykyo
2015-10-14 22:56:11
Куйо баламан олом деп ойлобосо керек жаман болуптур эмне деш керек ой билбейм иши кылса ошол да
+1
Mahabbat
2015-10-14 23:03:00
Akzuura тилине эрк бербе, ТООБО кылдым деп суйло. Сен коргондон коро элегин коп экен. Ичкен Эркек, урам деген эркек, сен отунунан кирип, кулунон чыгып турсан да кыялын корсото берет.
+3
kelechek.kg
2015-10-14 23:35:24
Олтуруп алды эмес, олтуруп эле салыптыр
+3
AIZAD
2015-10-14 23:53:59
kelechek.kg, ошону айтсанызы! Олтуро чааптыр, аябай деле мас эмес окшойт,зоорур! акмак! Ушундай куйоо баладан кудай сактасын!
+5
Ayperi94
2015-10-15 01:12:11
Кудай сакта тушко кирбеген шумдуктуу окя го. Акмак тиги зоокурду колуман келсе сабаш кандай болоорун алсыздарга кол которуу кандай болоорун корсоткум келип кетти. Спирт ичимдиктерин "пайдасы" .
+1
Ayperi94
2015-10-15 01:16:49
Теманын аталышын окуп алып Аравиядавы деп ойлопмун жакшылап окусам Араван болушу мумкун эмес деп кирсем болуп бутуптур боло турганы. "Жинди суунун" суйуучулор козунорду чонураак ачкыла силердин айынардан канчалаган балдар атасыз, апасыз калып канчалаганы коз жаш тогуудо.
0
RASTAMAN
2015-10-15 02:21:50
Baary araktan
0
gitaris93
2015-10-15 03:47:02
Баарына арак куноолуу
0
samira8589
2015-10-15 07:27:36
Баары ыйманга келип такалат, баарыбызга хидаят берсин Аллахым.ыйманы болгондо динден кабары болгондо ичмек да урмак да эмес
+1
mira28
2015-10-16 00:27:00
samira8589, адамдык сапат жоктугунан диндеги адамдардын деле жасаган ишин корбой жатабызбы.Мисалы тиги 4сакалчан.Ошолор сыяктуу эле динди да ким кандай кабыл алат жана кандай тушунук алат.
0
Killer.star
2015-10-15 09:42:20
Мындай эркектерге келиндердин эле шору
+1
Pantherka
2015-10-15 12:25:29
Копкондугу да аялына кол которгону аз келгенсип кайнатасын жыга чаап, жаткан жери жайлуу болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан