Аламүдүн районунда 14-октябрь күнү Фольксваген Гольф, Фольксваген Пассат жана Мицубиси унаалары кагылышкан. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Кырсыктын кесепетинен 1 адам каза болуп, 1 адам жеңил жаракат алган. Окуя болгон жерге Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары барышкан. Алар Фольксваген Гольф унаасында кысылып каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарышып, ички иштер кызматкерлерине өткөрүп беришкен.