Өзүн Руслан Каралаев деп атаган интернет колдонуучу Алманбет Анапияевдин өлүмүнө тийиштүү делген сүрөттөрдү "Фейсбук" социалдык тармагына жарыялады.
Каралаевдин айтымында, ал өзүнүн жеке иликтөөсүн күнөөлүүлөр жаза алмайынча токтотпойт. "Мелис Турганбаев, Мирлан Каниметов, Таалайбек Мамбетакунов жана Жанышбек Гаипов жоопкерчиликке тартылмайынча, мен ички иштер министри Мелис Турганбаев жашырып жаткан фактыларды ачыкка чыгара берем",- дейт интернет колдонуучу.
"Баарыбыз билгендей, Мелис Турганбаев анын кызматкерлери Абилазизов Гүлжигитти Москвадан Бишкекке коштоп жүрбөгөнүн айткан болчу. Бирок Турганбаевдин бул сөзү калп экенине далилдерди ишенимдүү өздүк булактарымдан таап алдым. Анда эмнеге министр бул фактыны коомчулуктан жашырып жатат? Мелис Турганбаев Анапияевдин өлүмүнө өзү тийиштүү жана ал өзү бул кылмыштын уюштуруучусу",- дейт Каралаев.
Анын айтымында, Турганбаевдин жакын адамдары массалык маалымат каражаттарына жалган маалыматтарды берип жатышат. "Бул фактылар ачыкка чыккандан кийин бир катар суроолор жаралат: Өлтүрүүнүн аткаруучусу Гүлжигит Абилазизов тирүүбү? Буга ИИМдин басма сөз кызматы эмне деп жооп берет? Темир Сариев жана Алмазбек Атамбаев кандай реакция кылышат? Же бул бийликке Мелис Турганбаевдей "погончон кылмышкерлер" керекпи? Эмнеге Анапияевдин туугандары ооздорун жаап калышты? Же аларды коркутуп алыштыбы?"- деп жазат Каралаев.
Эске салсак, 18-февралда Беларусь ММКлары Минск шаарындагы көчөлөрдүн биринен белгисиз адамдын мууздалып өлтүрүлгөн жансыз денеси Мерседес унаасынын багажнигинен табылганын жазышкан. Ошондой эле жансыз дененин жанында Анапияевдин сүрөтү чапталган Шакиров Алмазбек Мийзамовичтин атына берилген паспорт да болгон.
Окуя болгон күнү Алманбет Анапияевдин жанында жүргөн Гүлжигит Абилазизов милиция кызматкерлерине 25-февралда көрсөтмө берип, Анапияевдин өлүмүнө шектүү катары бир канча сүрөттүн ичинен экс-президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиевдин, ИИМдин Уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөшүү башкармалыгынын мурунку башчысы Айбек Абдразаков жана Жаныш Бакиевдин чечен улутундагы жан сакчысы Рустам Сайдуевдин сүрөтүн көрсөткөн.