Ошто “айдоочуну коркутуп акчасын алган” деген шек менен 26 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ, 14-октябрь күнү укук коргоо органдарына Кара-Суу районунун Кыдырша айылынын Б.З. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал 13-октябрда Өзгөн районунун Куршаб айылындагы май куюучу жайда ДЭУ Тико үлгүсүндөгү унаасы менен токтоп турган кезде 25-30 жаштардагы белгисиз адам коркутуп 600 сом акчасын жана уюлдук телефонун тартып алганын айткан.
Кылмыштын изи сууй электе шектүү катары 1989-жылкы Д.Р. аттуу Кара-Суу районунун тургуну кармалган. Кылмыш иши козголуп, учурда иликтөө жүрүүдө.