Өзгөн районунда “айдоочуну коркутуп унаасын айдап качкан” деген шек менен 19 жаштагы жаран кармалды

Өзгөн районунда “айдоочуну коркутуп унаасын айдап качкан” деген шек менен 19 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, 14-октябрь күнү укук коргоо органдарына арыз менен Өзгөн районунун Кара-Дыйкан айылынын 1981-жылы туулган М.Н. аттуу тургуну кайрылган. Анын айтымында, 14-октябрь күнү саат 16:30 чамасында ал ДЭУ Тико үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатканда 25-30 жаштардагы белгисиз адамдар аны токтотуп, коркутуу жолу менен унаасын айдап качып кетишкен.

Кылмыштын изи сууй электе бул кылмышка шектүү катары 1996-жылы туулган Кызыл-Дыйкан айылынын А.А. аттуу тургуну колго түшүрүлгөн. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, учурда иликтөө жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nazi8889
2015-10-16 14:43:58
биз айылдагооооооо
0
mts0001
2015-10-16 23:04:21
Кордук сиздин айылынызда кандай адамдар бар экенин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан