Милиция: "Түрмөдөн качкан экстремисттердин үчөөсүн кармоо операциясы Бишкектин четинде уланууда"

Бүгүн, 16-октябрда Бишкектеги Дордой конушунда №50-түзөтүү колониясынан качкан экстремисттердин бири өлтүрүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, түнкү саат 00:00 чамасында милицияга аталган аймакта түрмөдөн качкандардын жүргөнү боюнча маалымат түшкөн. "Ал жерге атайын багыттагы жоокерлер, милиция кызматкерлери барышып, кармоо операциясын башташкан. Анын жүрүшүндө кылмышкерлердин бири ок атуудан өлтүрүлгөн. Учурда Бишкектин четинде калган үчөөнү издөө иштери уланууда",- дешти басма сөз кызматынан.
Дордой конушунда түрмөдөн качкандар изделүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
mr.ulan89
2015-10-16 12:11:10
Ошол шаардын четинен эми кармашса экен.
+2
aiwa1990
2015-10-16 12:17:34
Ушул шумшуктор кармалды бекен деп кайра кайра кире турган болуп калдым. Кармалышса экен эртерээк.
+3
AnarRazakovich
2015-10-16 12:19:59
Азаматтар! Баарын атып салгыла!
+1
oma16.02.95
2015-10-16 12:20:20
Кимиси олтурулгон аты жонун жазып койсонуздар
+1
admin_portal
2015-10-16 12:23:12
oma16.02.95, саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүңүз: http://www.super.kg/kabar/news/126727/
0
zaada
2015-10-16 12:22:34
Эртерек кармалышса экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан