Бишкектин четиндеги Дордой конушунда түрмөдөн качкан кылмышкерлерди колго түшүрүү операциясы уланууда. Конуштун 10-көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн бири курчоого алынып, тинтүү иштери жүрүп жатат. Маалыматка таянсак, курчоого алынган жай буга чейин ээн турган үй болгон. Жергиликтүү тургундар үйгө анда-санда бир жигит келип-кетип турганын айтышууда.