"Шайлоо күнү "мектептерде бомба коюлган" деген жалган маалыматты таратты" деп шектелип Чолпон-Атанын экс-мэри кармалды

4-октябрда, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү саат 12:26да Бишкек шаардык милициясынын нөөмөт бөлүмүнө белгисиз адам чалып, борбор калаанын орто мектептериндеги беш шайлоо участкасында бомбалар коюлгандыгы жөнүндө маалымдаган. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шайлоо участкаларына шашылыш түрдө күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери чыгышкан. "Укук коргоо органдарынын кызматкерлери шайлоочулардын көңүлүн бурбастан жана калктын арасында дүрбөлөң чыгарбастан ылайыктуу участкалар, анын жайлары жана ага жанаша аймактар текшерилген. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында кандайдыр бир жардыруучу заттар табылган эмес",- деп билдирет мекеме.

"Бул факт боюнча “террордук акт жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам издөө иш-чараларынын жыйынтыгында 15-октябрда аталган кылмышка шектүү катары Маратов Мирлан Ильичевич (1976-жылы туулган) кармалган. Суракта ал шайлоо күнү мас абалында болгонун айтты. Учурда ал камакка отургузулду. Тергөө амалдары уланууда",- деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, М.Маратов 2010-жылдан тартып 2013-жылга чейин Чолпон-Ата шаарынын мэринин милдеттерин аткарып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Adambol
2015-10-16 14:38:52
Мэр в законе
+2
rasan
2015-10-16 15:08:59
Жон эле журо бербейби эми.
+1
Begimkyz
2015-10-16 15:16:42
Окуган адамдын кылганы ушул болсо уят эле.
+1
EdikoKG
2015-10-16 15:26:13
Экс - мер? Тентек адамдын жоругун жасаптыр го.
+2
sabyr86
2015-10-16 15:27:14
Дагы экс мер имиш.
0
zhykyo
2015-10-16 15:47:04
Кантип мер болуп иштеп журду экен тан калып жатам
+1
Nadir27
2015-10-16 15:47:41
Кантип эле ушундай болсун
0
kanykey125
2015-10-16 15:50:08
Арактын айынан мына ушул акыбалга жеткирди..туугандар арак пивону ичпей эле коюнуздарчы сураныч..
+1
Bermet_Kasymova
2015-10-16 15:55:25
Билгени бар го дейин десем мас болчу турбайбы
0
aziz2012
2015-10-16 16:00:27
кысталак аай жон эле журбойбукен эми
+1
Medina87
2015-10-16 22:36:37
Атын чыкпаса жер ортто.
+1
Nazar.arapbaev
2015-10-17 01:40:25
акчасы кичине аз учун мэр болгон, кобурок болгондо дептат болуп калмакда))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан